Кара-Көлдө дарыядан өтүүчү асма көпүрөдө белгисиз аялдын кийимдери табылды. Учурда аял киши изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кара-Суу дарыясында адамдар өтүүчү асма көпүрөдө белгисиз аялдын кийимдери табылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-май күнү саат 15:20 чамасында болгон. Тактоо иштеринде кийимдер 1967-жылы туулган аялга таандык экени аныкталган.

Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнын №94 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана ИИМден 5 кызматкер тартылып, суунун жээгинде 20 чакырым аралыгында издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 26-май күнү издөө иштери улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан