Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну, 84 жаштагы карыя Көчкөнбай Абдылдабеков Өзбекстан суу сактагыч куруу үчүн 1939-жылы 1000 гектар жер алганын, ушул күнгө чейин эч кандай ижара акысын төлөбөй эле Кыргызстандын аймагынан орун алып келаткандыгын 23-октябрда вице-премьер-министр Токон Мамытовго билдирди. «СССР кезинде Касан-Сай суу сактагычын куруу үчүн бир айылдын элин башка жерге которуп, анын ордуна Өзбекстан 1000 гектар жер бермек болгон. Өзбекстан жер да берген эмес, суу сактагычты кургандыгы үчүн аренда да төлөгөн эмес»,- деди карыя. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Кулуев Алымкул да ырастады. Өрүктү айылынын айыл башчысы Адылдабеков Шамырбек учурда айылда 1000 түтүн жер тилке үчүн кезекте турганын кошумчалады. Өз кезегинде Токон Мамытов бул көйгөйдү парламентке, өкмөткө жеткирүүнү убада кылды.