Июнь айында баштала турган футбол боюнча Европа чемпиондугуна саналуу убакыттар калды. Мындан улам SUPER.KG порталы турнирге катыша турчу Европанын мыкты 24 командасынын фавориттери менен тааныштырууну баштайт.
Алгач эле "А" тайпасында жайгашкан Италия курамасынан баштайлы. Башкы машыктыруучу Роберто Манчининин жетекчилиги астында Италия курама командасы алдын-ала курамга 33 оюнчуну киргизди. "Челси" командасынан Жоржиньо жана Эмерсон Палмери Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин улуттук курамга кошулушат.
"Евро-2020" турнирине катыша турган Италия курамасынын тизмеси: Дарбазачылар: Алессио Краньо ("Кальяри"), Жанлуиджи Доннарумма ("Милан"), Алекс Мерет ("Наполи"), Сальваторе Сиригу ("Торино");
Коргоочулар: Франческо Ачерби, Мануэль Ладзари (экөө тең "Лацио"), Алессандро Бастони ("Интер"), Кристиано Бираги ("Фиорентина"), Леонардо Бонуччи, Жоржо Кьеллини (экөө тең "Ювентус"), Жованни Ди Лоренцо ("Наполи"), Алессандро Флоренци ("ПСЖ"), Жанлука Манчини, Леонардо Спинаццола (экөө тең "Рома"), Рафаэль Толои ("Аталанта");
Жарым коргоочулар: Николо Барелла, Стефано Сенси (экөө тең "Интер"), Гаэтано Кастровилли ("Фиорентина"), Брайан Кристанте, Лоренцо Пеллегрини (экөө тең "Рома"), Мануэль Локателли ("Сассуоло"), Маттео Пессина ("Аталанта"), Марко Верратти ("ПСЖ");
Чабуулчулар: Андреа Белотти ("Торино"), Доменико Берарди, Жакомо Распадори (экөө тең "Сассуоло"), Федерико Бернардески, Федерико Кьеза (экөө тең "Ювентус"), Винченцо Грифо ("Фрайбург"), Чиро Иммобиле ("Лацио"), Лоренцо Инсинье, Маттео Политано (экөө тең "Наполи"), Мойзе Кин ("ПСЖ").
Италия курамасы турнирде Түркия, Швейцария жана Уэльс менен бир тайпада ойнойт. Команда турнирге даярдыкты 24-майда баштады. Ал даярдыктын алкагында алгачкы жолдоштук беттешин Сан-Марино курамасы менен 29-майда өткөрөт.