Суусамырда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн кырсык: Тойота Камридеги 5 адамдын баары көз жумду (сүрөт)

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү үрөй учурган жол кырсыгында каза болгондордун саны 5. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Тойота Камри унаасындагы бардык адамдар каза болду. Унаанын ичинде 2 аял, 2 эркек жана 10-12 жаштардагы бала бар. Алардын азыр аты-жөнү тактала элек. Жаңы кызматкерлер алып кетишти. Бул унаа Бишкекти көздөй келе жаткан, жүк ташыган унаа түштүктү карай бара жаткан. Жүк ташыган унаадан эч ким жабыркаган жок", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүк ташуучу унаа менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 4 адам каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Egizderim-baktim
2021-05-26 13:48:53
Аллахым бейишин берсин каза болгондорун туугандары биле элек, кандай окунучтуу, жолдо сак бололучу.
+2
bratanyn
2021-05-26 14:45:37
Айдоочулар абайлаңыздар!!!Баарыбызды үйдө балдарыбыз күтүп олтурат!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан