Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 жашар бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-май күнү Жети-Өгүз РИИБине аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда болжол менен саат 12:32 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк ала тактары бар 3 жашар эркек баланы алып келген. Наристе жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай чарчап калган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуянын жагдайларын аныктоо максатында тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.
"Күбөлөрдү сурамжылоодо баланы ооруканага алып келген 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк ала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн. Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала жыйынтыгы боюнча бала баш мээсинен жаракат алганы аныкталган. Аталган факты боюнча шектүү катары 33 жаштагы аял райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакка алды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.