Биз социалдык тармакта

Жапаровдун кеңешчиси Руслан Кыдырмышев Рамзан Кадыровго ат жабдыктарын тартуу кылды

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, Кыдырмышев социалдык тармактагы баракчасына Кадыров менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөп меймандостугуна ыраазычылык билдирген.

"Чечен Республикасында ар дайым жылуу жана чын ыкластуу тосуп алуу үчүн менин кымбаттуу жана кадырлуу бир тууганым, Орусиянын баатыры, Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго терең ыраазычылыгымды билдирем. Сизди жакында Кыргыз өлкөсүндө көрөбүз деп ишенебиз", - деп жазган Кыдырмышев.

Ал эми чечен басылмалары Кыдырмышев Кадыровго ат жабдыктарын белек кылгандыгын жазышууда.

"Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун жылкыларга болгон сүйүүсүн билген Руслан Кыдырмышев ага кыргыз усталары жасаган ат жабдыктарын белек кылды", - деп жазылат маалыматта.

Руслан Кыдырмышев Рамзан Кадыров менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-05-26 20:59:03
Кошоматчылык
0
gulya583
2021-05-26 23:30:26
Туура эле. Мусулманчылыкта бири бирине белек бергиле, ортонордо махабат болот делген. Туура эле, эмнеси кошомат, кыргыздар эч качан тойго же дагы бир жерге куру кол барбайбызго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан