Министрлер кабинетинин төрагасы өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттарына сыйлык тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы жазуучуларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

"Сиздер кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуу менен катар балдардын китеп окууга жана жаңы илим-билимге карай умтулуусун калыптандырууга зор таасир берип жатасыздар. Кызыктуу, мазмуну терең чыгармаларыңыздар менен адабиятыбызды байытуудасыздар. Министрлер кабинети кыргыз балдар адабиятынын жазуучуларынын эмгегин жогору баалайт жана кыргыз адабиятын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Сиздерге мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылыкты каалайбыз", - деди Улукбек Марипов.

Өкмөттүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары 50 миң сом наамына ээ болду. Алар:

- Аман Наматов – "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн" номинациясында "Гүлчечекей кулунчак" аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Ырысбай Абдыраимов – "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн" номинациясында "Түбөлүктүү чеп" аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Сатыбалды Мамбеталиев – "Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн" номинациясында "Керемет жомоктор" аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан