Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча парламенттин токтомуна добуш берүү башталды. Депутаттар токтомдогу ар бир пунктка өз өзүнчө добуш беришүүдө. Токтомдун биринчи пункту талаш тартышка түшүп соңунда добушка коюлду. Айрым депутаттар өкмөт сунуштаган меморандумду жетишсиз деп баалабай, аны таптакыр жокко чыгаруу керектигин айтып чыгышты. Сунуш добушка коюлуп, Меморандум жокко чыгарылсын деп табылды.
Токтомдун биринчи пункту:
Консультативдик кеңештин жыйналышында жана КРнын өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрдагы жыйналышында жактырылган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун шарттары жетишсиз деп эсептелсин.