Өлкө башчы: "Глобалдык программаны ишке ашыруу боюнча Катчылыктын Бишкекте жайгашуусун колдойбуз"

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 23-октябрдагы ак илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форумда аталган жаныбарды сактап калуу үчүн жазылган глобалдык программанын маанилүүлүгүн белгилеп, аны ишке ашырууда Катчылык түзүү керектигин айтып өттү. "Бүгүнкү форумдун дагы бир маанилүү маселеси программаны ишке ашырууда Катчылык түзүү болуп эсептелет. Биз Катчылыкты Бишкек шаарына түзүү боюнча жоопкерчилик алып, дайыма колдоо көрсөткөнгө даярбыз. Өлкө башчысы жана жараны катары ак илбирсти сактап калуу жоопкерчилигин сезип, милдетим экенин билип турам. Бүгүн биз алгачкы кадамдарды жасап жатабыз",- деди Атамбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан