Эркин Алымбеков, депутат: «Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча кыргыздын кызыкчылыгын коргоонун ордуна кайырчыдай болуп Ян Аткинсондун артынан чуркап жүрөт”

Парламентте бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйын берген депутат Эркин Алымбеков “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандум элди алдоо”,- деди. Депутаттын айтымында,  бул документте канадалык тараптын буга чейинки мыйзамсыз аракеттерин калкалоо жолу мурдагыдай бойдон калууда. “Премьер-министрге кызымат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча сунуш келтирдим. Башкы прокуратура бул боюнча жакында расмий жооп билдирет. Акыл-эси жетпеген адам премьер-министр болууга макул болбошу керек. Өкмөт башчы кыргыздын кызыкчылыгын коргогондун ордуна кайырчыдай болуп Ян Аткинсондун (“Центерра” компаниясынын президенти) артынан чуркап жүрөт”,- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан