Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 3 жашар бала ур-токмоктон улам каза болгону маалым болгон. Анда баланын апасы аны кудачасына таштап өзү Орусияга иштегени кеткен.
SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү максатында аталган айылдын социалдык кызматкерлерине байланышканда, төмөнкү жагдайлар белгилүү болду.
"Бизде социалдык тейлөөдөгү каттоодо бала дагы, анын үй-бүлөсү дагы жок. Алар жашаган үй көп жылдан бери башка бирөөнүн наамында каттоодо турат. Биздин айылда ички миграция көп катталат, көчүп келгендер көп. Бул үй-бүлө дагы ушулардын бирөөсү болушу мүмкүн. Окуяга шектелип кармалган аял дагы, апасы дагы каттоодо жок, тагыраагы алар биздин айылдын тургундары эмес. Сураштырсак көпчүлүгү тааныбайбыз деп жатышат. Кызыл-Сууга тиешеси жок жарандар болуп жатышат. Ооруканада дагы каттоого турган эмес, архивдерди дагы карап чыктык, квартальныйда дагы каттоосу жок болуп жатат", - деп билдирди социалдык кызматкер.
Окуянын чоо-жайы:
15-май күнү болжол менен саат 12:32 чамасында аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Кызыл-Суу айылынын тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк ала тактары бар 3 жашар эркек баланы алып келген. Наристе жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай чарчап калган.
Маалым болгондой, 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, ошол күнү наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк ала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала жыйынтыгы боюнча бала баш мээсинен жаракат алганы аныкталган. Аталган факты боюнча шектүү катары 33 жаштагы аял райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакка алган.