Биз социалдык тармакта

"Кийимин айрып, орундугун бербей". Мыйзамсыз соода жүргүзгөндөрдүн видеосу талкууда

Буга чейин Ленин райондук администрациясы "Ош базарынын" ичиндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү иштерин улантып жатканы кабарланган. Ленин районунун тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын, чатырларын күн сайын алып, айып короого киргизишүүдө. Ал эми соодагерлер бул иш-чараларга каршы болуп, турган жерлерине орун алууга уруксат берилишин өтүнүп келишүүдө.

Учурда социалдык тармактарда бири столун, бири чатырын мекеменин кызматкерлерине алдырууну каалабай алар менен тартышып, кийимин айрып жиберүүгө чейин баргандардын видеосу тарап жатат.

Ал эми бул иш-чаралар боюнча Ленин районунун администрациясы төмөнкүлөрдү билдирди.

"Муниципалдык администрация "Ош базарынын" аймагындагы жана ага жакын жайгашкан көчөлөрдөгү мыйзамсыз сооданы жоюу иштерин улантууда. Мобилдик топ Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүн жана базардын аймагын мыйзамсыз соода жүргүзүүдөн тазалашты. Жыл башынан бери рейддердин жүрүшүндө 450дөн ашык жеңил объектилер демонтаждалган. Бул багыттагы иштер улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

“Ош базарда” баш аламан соода кылгандар менен тиреш уланууда
Соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын алышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
deva
2021-05-27 14:17:14
Көрүп алып ыйлагым келди. Эптеп жан багып жатышса. Же ушуларга шарт түзүп беришпейби!
-4
Shabi
2021-05-27 14:23:52
deva,эптеп жан багып жатабыз деп,каалаганыбыз каалаган нерсени кыла берсек эмне болобуз,мамлекетибиз бардак болуп кетпейби Ошол Ош базар сыяктуу,тартип керек тазалык да керек.Чын чынына келгенде,бул тачка менен соода кылгандар,мугалим врачтарга караганда коп табышат жакшы жашашат.анан тартипке келселе байкуш боло калышат жата калып ыйлап.Баардык нерсе чеги менен болуш керек,тартип менен болуш керек.
+11
Arzu.kg
2021-05-27 14:36:33
Shabi,туура айтасыз!
+8
mira28
2021-05-27 14:37:48
Ажылдаган аялдар уят эле.Ош базар Бишкектин коркун бузуп турат.Мыйзамга баш ийиш керек да.Тачкасын албай кубаласа,1 сааттан кийин кайрале оз ордуларына туруп алышат да.
+3
Kuban-1207
2021-05-27 15:44:28
Орундук бериш керек тартип керек.
-4
jaskaaa
2021-05-28 08:45:12
Kuban-1207,орунду сатыл алып иштеп атышатгоо. Догурунмай жашоо болсо онугу анда дагы алыста калат
0
nazira...
2021-05-27 18:59:51
Азыр ушинтип догурунгандардын заманы болуп калды, чындыгында тартип тазалык керек. Пробка да азаят эле Ош базарынын алдынан зорго өтөсүн пробка болуп.
+1
nazira...
2021-05-27 19:03:11
Милицияларды жаман көрөбүз, мен бул жерде милицияларды аядым. Аягына чейин чыгып иштешсе Ош базарынын айланасы сонун көрүнүп калат эле. Столица мусор болуп ушинтип атса, мисалы Ош Бишкекке караганда тазараак.
0
Eden-Hazard
2021-05-27 19:40:24
Биринчи аялды улакчы кылсаң жарашат го,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан