Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө үрөй учурган жол кырсыгындагы жүк ташыган унаанын айдоочусу Жайыл райондук ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүк ташыган унааны 22 жаштагы айдоочу айдап келе жаткан. Учурда ал ооруканада.
"26-май күнү саат 07:10 чамасында Жайыл РИИБине жол кырсыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маркумдар Кадамжай районунун тургундары болушат. Каза болгондордун ичинен 3 адамдан ар кандай суммадагы акчалар табылган. 1963-жылы туулган жарандан 17 миң сом, унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ж.А.дан 13 миң 200 сом. Ал эми дагы бир 1963-жылы туулган жарандын баштыгынан 594 миң сом табылган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ал эми айрым жергиликтүү маалымат булактарынын 840 миң сом табылды деген маалыматы чындыкка дал келбейт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүк ташуучу унаа менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 5 адам каза болгон. Каза болгондордун арасында 10-12 жаштагы бала бар.