"Орусияга учурда Орусия тарабынан мыйзамды бузуучулардын тизмесине киргизилген 264 миң кыргызстандык кире албайт",-деп билдирет КРнын ИИМинин Консулдук кызмат департаментинин директору Ирина Оролбаева бүгүн, 23-октябрда Бишкекте өткөн брифингде. Анын айтымына караганда мыйзамды бузуучулардын тизмесине Орусиянын мыйзамын бузгандар киргизилген. "Бирок алар өмүр бою кире албай калат дегендик эмес, ар бир кырдаал боюнча түрдүү мөөнөт каралган. Мисалы, 1 жыл 6 ай же 4 ай жана башка. Адам жолду туура эмес жерден кесип өтсө жана ага айып пул салынса, ал дароо тизмеге киргизилет. Ал тигил адам айып пул төлөдүм , жоопкерчилик алынып салынды деп жаңылыш ойлошу мүмкүн",-дейт Оролбаева. Ошондой эле Ирина айым "мыйзамды бузуучулардын тизмесине көбүнчө Орусияда каттоо тартибин бузгандар түшөт. Орусияга аттанып жатып, билет алгандан мурун ага Орусияга киргенге уруксат же эместигин тактап алуулары керек. Муну аэропорттон билүү жеңил, биздин чек арачыларда андай тизме болот",-деп кошумчалайт.