Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-октябрда "Кумтөр" маселеси каралууда. Трибунадан сөз сүйлөгөн депутат Эркин Алымбеков "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүдөгү өкмөт сунуш кылган меморандум кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келерин айтты.
"Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн билдирүүлөрүндө жана жоопторунда элге да, депутаттарга да канадалык тарап менен сүйлөшүүгө кандай талаптар жана аргументтер менен барганын так айтып берген жок. Анын жоопторун угуп, "Центерранын" жетекчилиги менен күнөөлүү кишидей сүйлөшүп, аталган компаниянын президенти Ян Аткинсондон элди тынчтандыруу үчүн бир нерсе берүүнү суранып жатканын түшүнсө болот",- деди Алымбеков.