Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургундары жөө жүрүш менен Кызыл-Суу айылындагы райондук администрациянын имаратынын алдына келип уюштурган нааразычылык акциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу 23-октябрда аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Тургундар митингдин жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, талаптарынын аткарылышына 3 күн убакыт беришерин билдиришти. Алар 7-октябрда Караколдогу баш аламандыкты уюштурду деп кармалган балдарды бошотуу жана "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу талабын көтөрүп чыгышууда.