Башар Асад төртүнчү жолу Сириядагы президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Сириядагы президенттик шайлоодо учурдагы президент Башар Асад жеңип чыкты. Ал 95 пайыздан ашык шайлоочунун колдоосуна ээ болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

"Сириянын Элдик Кеңешинин (парламентинин) төрагасы Хаммуда Сабаг Сириядагы 26-майда өткөн президенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Ал учурдагы президент Башар Асад шайлоодо 95,1 пайыз шайлоочулардын колдоосу менен жеңишке жетишкенин айтты.

Шайлоого 14 миллиондон ашык жаран катышып, шайлоочулардын 78 пайызын түздү", - деп жазылат маалыматта.

2000-жылы учурдагы мамлекет башчы өлкөнү отуз жыл бою "темир муштум" менен башкарган атасы Хафез Асаддын ордуна келген. 2007-жылы Башар Асад экинчи президенттик мөөнөткө шайланып, Элдик кеңештин депутаттарынын алдында ант берген.

2014-жылы Башар Асад үчүнчү жолу президент болуп шайланып анда шайлоочулардын 88,7 пайызынын добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан