Чүй облусунун Степное айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыктады.
Ага ылайык, жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен.
"Кырсык бүгүн, 28-май күнү эртең менен болгон. Жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда. Бардык жагдай такталганда толук маалымат беребиз", - деп билдиришти маалымат кызматынан.