Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул шайлоо кайра кайталанып боло тургандыгына байланыштуу мыйзамда жазылгандай үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылып мурда үгүт иштерине 30 күн берилсе, азыр 20 күн берилет", - деди Маматов.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.