Степное айылында үрөй учурган жол кырсыгы. Бактыга жараша, каза болгондор жок

Буга чейин Чүй облусунун Степное айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен.

SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, аталган жол кырсыктан 5 адам жабыркады (аты-жөнү такталууда).

"Кырсыктан каза болгондор жок. Учурда жогоруда аталган унаалардын ичинде канча адам бар экени такталып жатат. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан комбайндан ашып өтүүгө аракет кылган, ошол учурда маңдайындагы каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшө кеткен. Натыйжада 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан