Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Баткендеги Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун курулушунун негизги максаты - Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамы менен камсыз кылуу.

"Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай жолунун узундугу 48 километр. Азыркы учурда 7 километр жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документтери даярдалды. Мамлекет башчы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушуна чоң маани берди. Президент Жапаров аймактардын экономикалык өсүшүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналган ички жолдорду куруу зарыл экенин белгиледи", - жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан