Юстиция министрлигинин кызматкерлери президенттин атынан энчилүү сааттар менен сыйланышты

Бүгүн, 28-майда Юстиция министрлигинин кызматкерлерин президент Садыр Жапаровдун атынан энчилүү сааттар менен сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Юстиция министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Көп жылдык жемиштүү эмгеги жана юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, ошондой эле Конституция күнүн майрамдоонун урматына Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө юстиция министри Асел Чынбаева аземдин катышуучуларына алардын юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн алкыш айтты жана иштерине алдыдагы ийгиликтерди каалады.
Сыйланган адамдардын тизмеси:
Адашмаев Азамат Майрамбекович - Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинин начальниги;
Жаныбек уулу Жанарбек - Юстиция министрлигине караштуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин А.Жанаев атындагы окуу-машыктыруу борборунун спорттун оюндук түрлөрү боюнча машыктыруучусу;
Мадоморов Мирбек Асылбекович – Ош облустук мамлекеттик архивдин документтерди иштеп чыгуу борборунун башкы архивисти;
Мамасалиева Асмат Орозбековна - Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин калкты каттоо жана мониторинг бөлүмүнүн адиси;
Панченко Лариса Ивановна - Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын долбоордук иштер башкармалыгынын башкы адиси;
Солпиев Нуркалый Абалканович - Юстиция министрлигинин Талас облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси;
Эргешов Толкун Турдукулович - Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн башчысы-координатору.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан