Токон Мамытов: "Сафед-Буландын жашоочулары менен жолугушууда "Шах-Фазиль" музей-комплексин оңдоо иштери талкууланды"

"Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Сафед-Булан айылынын жашоочулары менен жолугушууда "Шах-Фазиль" музей-комплексин оңдоо маселеси каралды",- деди вице-премьер-министр Токон Мамытов. Анын айтымында, 2772 жоокер көмүлгөн мүрзөнүн жанындагы музейди кайра куруу үчүн 2013-жылы өкмөт тарабынан 11 миллион сом бөлүнгөн. "Элдин айтымы боюнча, жоокерлер бул аймакка исламды жайылтууга келишкен. Алар жума намазын окуп жатканда жергиликтүү калк баарын өлтүрүп салган. Ал жер Меккеден кийинки ыйык жер аталып, жоокерлердин сөөктөрү коюлган",- деди Мамытов. Музейдин кызматкерлери өкмөт тарабынан комплексти оңдоого бөлүнгөн каражатты тездетүүнү суранышты. Этникалык өзбектер жашаган Сафед-Булан айылынын тургундары менен Токон Мамытовдун жолугушуусуна журналисттер барган эмес.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан