Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов күнөөлүү деп табылып, ага мамлекеттин бюджетине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 26-майындагы өкүмү менен Алымкулов А.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, VI категориядагы айып пул, 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекеттин кирешесине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Азиз Алымкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делинип, 31-мартта кармалган.