Парламент жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев менен төрага Асылбек Жээнбековдун ортосунда келишпестик чыкты. Абдылдаев "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө кайрадан уруксат берүү туура эмес деген сунуштарды колдой турганын, азыркы өкмөттү отставкага кетирүүнү колдой турганын айтып, бул маселени тактап алуу керектигин билдирди. Төрага Асылбек Жээнбеков депутатка "ашкере сын айта бербеңиз, билебиз, тажрыйбалуу адамсыз" деди.
Мыктыбек Абдылдаев "сиз мага кийлигишпей, тамадалык ишиңизди алып бара бериңиз",- деди. Асылбек Жээнбеков тамада эмес, төрага экенин эскертти Абдылдаевге.