Ош облусундагы каналдан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Буура-Араван каналына 1970-жылы туулган аял киши сууга түшүп кеткен.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 12 куткаруучусу, ИИМден 6 кызматкер, туугандарынан 5 адам тартылган. Саат 12:40та куткаруучулар тарабынан маркумдун сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.