Биз социалдык тармакта

Тажик тараптын кайрылуусу менен Орусияда камакта жаткан Кыргыз жаранынын ишин элчилик көзөмөлгө алды

Орусиядагы кыргыз элчилиги Орусия Федерациясынын аймагында кармалган Кыргыз жараны Эсен Мажитовдун мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп келет. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчилик Мажитовдун жактоочусу менен тынымсыз байланышып жатат. Туруктуу негизде Орусиянын компетенттүү органдары менен, анын ичинде кармалган жаранга консулдун кирүүсүн тездетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

"Ушул жылдын 26-майында Нижный Новгороддогу Автозавод райондук сотунун отуруму болуп, анын жыйынтыгында Мажитовду камакта кармоо мөөнөтүн 2021-жылдын 18-сентябрына чейин узартуу чечими кабыл алынганын маалымдайбыз. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өзгөчө көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 26-апрелде "Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты" деген Эсен Мажитовдун жубайы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.

Бүгүнкү күндө Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Ал эми социалдык тармактан Кыргыз-Тажик чек арасында жашаганын, ал жак кооптуу экенин айтып бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган Мажитовдун уулу Адил Абдурахимов 10-майда президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazana
2021-05-28 17:42:01
Тажик тарап кыргыздардын элчилигине кайрылдыбы ошондо?
+3
Aimani
2021-05-28 18:55:29
Bazana,тажик тарап орусияга кайрылып камакка алдырган кыргыз жаранынын ишин элчилик козомолдоп жаткан го.Президент баласына жолугуп жардам бергенге соз бербеди беле.Элчиликке тапшырма берсе керек да.элчилик оздору кыймылдабайт эле.
+4
Nurtoruk
2021-05-28 17:53:13
тушунуксуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан