Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев: "Жылаңаяк келип ушунун баарына жетип отурам"

Бүгүн, 28-майда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында хирург Мамбет Мамакеевдин эстелиги ачылды. Ага КММА ректорунун милдетин аткаруучу Андрей Сопуев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, нейрохирург Миталип Мамытов жана көптөгөн дарыгерлер катышты.

Иш-чарада Мамбет Мамакеев сөз сүйлөп эстелик тургузгандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Мен шаарга да нет деген орусча сөздөрдү билбей келгем. Орусчаны 4-курска чейин жаттап окугам. Баарына Кудайга шүгүр. Мен албаган сыйлык калган жок. Мен жаш мекендештериме кайрылат элем. Адам кыла албай турган эч нерсе жок, ар дайым аракет кылыш керек", - деди Мамакеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан