Биз социалдык тармакта

"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына эки күн калды. Даярдыктар кандай? (видео)

"Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышына карата даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Салтанаттуу ачылыш 2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында өтөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда иш-чара өтүүчү аймакта уюштуруу, техникалык камсыздоо, сахнаны жасалгалоо жана конокторду тосуп алууга байланышкан иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ачылыш аземине карата атайын маданий-көңүл ачуучу программа даярдалууда. Анын алкагында ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа тартууланат.

"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына эки күн калды. Даярдыктар кандай?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан