Биз социалдык тармакта

Ханбийкедей болуп… Айыманын тоюндагы жомоктогудай көз ирмемдер (видео)

Ырчы Анжелика Кайратованын кызы Айыма Бекболиева менен Нурас Сырдыбаевдин үйлөнүү үлпөт тою 26-ноябрда Бишкек шаарында өттү. Тойдо тартылган кызыктуу жана өзгөчө көз ирмемдер социалдык тармактарда дагы деле талкууланып, көпчүлүктүн көңүлүн бурууда.

Тойдун өзгөчө учурларынын бири — Айыманын жолдошуна арнап ырдаганы болду. Ал сүйүктүүсүнө ыр аркылуу сезимин билдирип, конокторго жагымдуу маанай тартуулады.

Ошондой эле Айыма бала чагында кыялданган максатын ишке ашырганын билдирди. Ал ханбийкеникиндей көйнөк кийип, жолдошу Нурас менен коноктордун алдында ак бийге түшүштү.

Жаш жубайлардын аткарган бийи тойдун көркүн ачкан өзгөчө учурлардын бири болду.

Ханбийкедей болуп… Айыманын тоюндагы жомоктогудай көз ирмемдер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан