Депутат Өмүрбек Текебаев өкмөттү "Кумтөр" боюнча кайрадан сүйлөшүүгө жөнөтүш керек деген ойдо. "Биз азыркы өкмөттү "отставкага кет" деп айта албай жатабыз. Анткени бул өкмөткө башында кыргыз тараптын үлүшүн мынчага жеткиресиң деген талап коюлган эмес. Кайрадан сүйлөшүүгө барарда өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткиришиң керек деген талап коюшубуз керек. Жыйынтыгында ошого жараша аракет кылабыз. 67 пайыз деген чекти токтомдон алып салууга болбойт, бул элдин да талабы",- деди депутат.
Айрым депутаттар өкмөткө 2 ай эмес, 3 ай мөөнөт берип, жыйынтыгын 23-январда кароону сунушташты.