Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги көчмө жыйыны Талас облусунда өттү
Жогорку
Кеңештин Билим берүү,
илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги көчмө
жыйыны Талас облусунда болуп өттү. Бул тууралуу 23-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга тармактык комитеттин мүчөлөрүнөн
сырткары, тиешелүү министрликтер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Күн
тартибинде Талас облусундагы билим берүү, маданият, архив, спорт жана диний мекемелеринин
иштери жана алардын өнүгүү
келечеги жөнүндө ошондой эле "Манас" эпосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы
тууралуу маселелер каралды. Алгач
депутаттар Таластагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинде болуп, жасалып
жаткан иштерге күбө болуу менен бирге көйгөй жараткан маселелерин угушту. Аталган комплекстин
башчысы Ормошбек Чоюнбаевдин айтымында, борбордун ички жолдору оңдоп-түзөөгө муктаж. Иш-чаранын
жүрүшүндө
эл өкүлдөрү
Талас райондук архивинин имаратынын ачылыш аземине катышты. Архив кызматкерлери
айлык маянанын өтө аздыгын айтып, айлыкты көтөрүүдө депутаттардан
жардам берүүсүн суранышты.