Парламент депутаты Улукбек Кочкоров ЖКнын 23-октябрдагы жыйынында айрым депутаттардын "Кумтөр" боюнча үлүштүн 50х50 калганы туура деген сөздөрүнө пикирин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш биринчи кезекте өзүн-өзү сыйлашы керек. "Канчалаган токтомдор кабыл алынууда, бирок аткарылбайт. Качан өзүбүздү өзүбүз сыйлаганды үйрөнөбүз? Эл колуңардан эч нерсе келбейт экен, таркап кеткиле - деп туура талап коюп жатат. "Кумтөр" маселесин чечүү колубуздан келбесе, бүгүнкү токтомго жазалы "бул маселени 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш чечет" деп. Колубуздан келбесе кийинки депутаттарга калтыралы",- деди.