Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча парламенттин токтомуна добуш берүү жүрүүдө. Токтомдун экинчи пунктунун 1-бөлүгүндө "Кумтөр" боюнча кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыздан кем болбосун деген пункт добушка коюлуп колдоо таппады. Андан кийин үлүш боюнча эч кандай чек коюлбасын деген сунуш да добушка коюлуп, колдоо тапкан жок. Айта кетсек, парламентте аталган маселе боюнча сүйлөшүү үчүн өкмөткө кайрадан убакыт берип, ага бир нече милдеттер жүктөлүүдө. Токтомдун ар бир пунктуна өз өзүнчө добуш берилүүдө.
Токтомдун экинчи пунктунун 1-бөлүгү: (Өкмөткө жүктөлөт)
- КРнын позицияларын жакшыртуу максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантсын, 67 пайыздан кем эмес үлүштү көбөйтүүгө жетишсин.