Бүгүн, 23-октябрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин ректору Эндрю Вахтел менен Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган университеттин ректору Эндрю Вахтел университеттин базасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн арналган окуу программасына демөөрчүлөр керек экендигин айтты. “Аталган окуу программасына өлкөдөн эч кандай жардам берилбейт. Мен сиздердин жаштарды колдоп жүргөнүңүздөрдү көп уккамын, ошондуктан сиздерге кайрылып турам, бул темада”,- деди Эндрю Вахтел. Шаар башчы бул туурасында жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу уюштуруп берүүгө убадасын берди.