Бишкекте сутка ичинде 100гө чукул адамга коронавирус диагнозу коюлду

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 95 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.

"31-майга карата коронавирус илдети 95 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86сы лабораториялык жол менен тастыкталгандар. 9у клиника-эпидемиологиялык пневмония. Бишкек шаарынын райондору боюнча:

Ленин району - 18;

Свердлов району - 31;

Биринчи Май району - 19;

Октябрь району - 13.

Ал эми башка региондон келгендердин ичинен 14 адамдан илдет аныкталды. Ооруканага жаткырылгандардын саны 20, үй шартында дарыланып жаткандар - 75", - деп билдирди Рыскулбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан