Коронавирус пандемиясынан улам АКШда акыркы бир суткада каза болгон адамдарын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу орусиялык ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акыркы бир суткада АКШда коронавирустан 1 200 адам көз жумган. Буга чейин коронавирустан бир сутка ичинде эң көп каза болгондор 27-мартта Италияда катталган. Анда бул өлкөдө 969 адам каза болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 216 миң 515 адам коронавирус жуктуруп алган жана 5 миң 119 адам каза болгон.