Депутат Садык Шер-Нияз өзгөчө абал учурунда менчик маалымат каражаттарына эмне үчүн чектөө болуп жатканын сурады.
"Эмне үчүн өзгөчө абал учурунда менчик маалымат каражаттарына чектөө болуп жатат? Мамлекеттик маалымат каражаттары эле кириптир", - дейт депутат.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев менчик маалымат каражаттарынын кайрылуусу каралып жатканын айтты.
Буга чейин бул маселени депутат Жанар Акаев дагы көтөргөн. Ал мамлекеттик маалымат каражаттарын эч ким окубайт жана ишенбейт деп айткан.