Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Там чек ара тозотунун жаңы салынып жаткан курулушу үчүн 35 миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган. Бул тууралуу вице-премьер Токон Мамытов Жалал-Абад облусуна болгон сапарында бүгүн, 23-октябрда билдирди. Анын сөзүнө караганда имарат АКШнын каражатына курулуп жатат. Жана ал колдонулууга ноябрда берилет, 45 орунга эсептелген. "Учурда чек ара тозотунун кызматкерлери жашаганга ылайыктуу имарат жок, мончонун имаратында жашап жатат. Жаңы имаратта болсо ашкана, офицерлер үчүн бөлмөлөр, кызматкерлер үчүн жалпы бөлмө, даараткана, душ жана башкалар бар",-деп аталган заставанын улук лейтенанты Данил Мамаев жаңы курулушту сүрөттөп өттү.