"Биздин өлкөдө бош тармактар абдан көп. Ошолорду толтурайын деп АКШдан келе бердим" дейт программист Нурмухаммед Мыктыбек уулу (маек)

22 жаштагы Нурмухаммед Мыктыбек уулу бир канча чет өлкөдө окуган. АКШда бир канча IT компанияда иштөөгө сунуш алган, бирок мамлекетимди өнүктүрсөм деп мекенине кайтып келе берген. Учурда ал өзү IT компаниясын ачкан. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн атайын тиркеме жасап, маалымат теңсиздиги менен күрөшүп келет. Кыргыздын жигердүү уулу менен тажрыйбалары, окуусу тууралуу баарлаштык.

- Балалыгыңыз кайда өткөн? Кичинеңизде эмне менен алектенчү элеңиз?

- Өзүм Лейлектен болом. Балалыгым айылда өттү. Башкалардай эле балдар менен көчө чаңдатып жүргөн бала болчумун. Алгач 5-классымда телефон алгам. Ал учурда агент чыга элек болчу. Ошого окшош бир программадан ар түрдүү улуттарга жаза берчүмүн. Ата-энем англисче-кыргызча сөздүк сатып беришкен. 7-классымда Кадамжайдагы "Сапат" лицейинде окуп калдым. Ошондо кызыксыз күндөр башталды. Таң эртеден баштап кечке чейин бир гана окуу менен алек болдук. Тилдерди үйрөндүк. Кээде футбол же теннис ойночубуз.

- Мектепте окуп жүргөндө чет өлкөгө олимпиадага барчу экенсиз...

- Биринчи Казакстанга предметтик олимпиадаларга барып жүрдүм. 10-класста окуп жүргөндө Техас штатына олимпиадага барып калдым. Ал жактан абдан мыкты окуган балдарды көрдүм. Ошондуктан олимпиаданын өзү эмес, алар жасаган долбоорлор кызыктуу болчу. Ар жактан келгендер менен баарлашып калдым. Карасам улуту ар түрдүү окуучулар башка-башка өлкөлөрдө окуп жүрүшөт. Демек, чет өлкөдө мыкты мектептерде акысыз окууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдим. 10-классты аяктап жатканда эл аралык мектептердин көргөзмөсү болгон. Ал жактан Иорданиядагы Королдор мектебинин мугалимдеринен сунуш алдым. 11-классты толугу менен Иорданияда окудум. Андан кийин жогорку окуу жайды Кипрде IT тармагында уланттым.

- Иорданияда окуу кандай болду? Кыйынчылык болбой койбосо керек?

- Ал жактын билим берүү системасы башкача экен. 180дей сабак болсо, өзүңдүн билим деңгээлиңе жараша аз гана сабак тандап аласың. Мисалы, гуманитардык жактан кете тургандар жөнөкөйүрөөк, табигый илимдер менен кете тургандар татаалыраак математиканы тандап алышат. Мугалимдери да күчтүү. Бизде сабактан тышкаркы ийримдерге, кружокторго анча маани берилбейт эмеспи. Ал эми Иорданияда ар бир окуучунун сабактан тышкары алектенген тармагы болот. Мисалы, спорт, тамак-аш, робототехника. Дагы бирөөсү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ар биринин кеңешчиси болот. "Кайсы университетке тапшырам, кайсы кесипти тандайм", - деп башы катып турган окуучуларга абдан жакшы жардам беришет. Тилден бир аз кыйналдым. Кадамжайда окуп жүргөндө англис тилинин грамматикасы менен үйрөнгөнбүз. Ал жакта кинодогудай бат-баттан сүйлөйт. Башында угуп, түшүнгөнгө жетишпей калып жаттым. Ошондой эле королдордун мектебинде жалаң байлардын балдары окушчу. Алар "Бул компаниянын акциясын ушунчага сатып алдым" деген сыяктуу темаларда сүйлөшүшчү. Аларга кошула албай кыйналдым. Кийин сүйлөшүп кеттим.

- Ал жактан Кипрге эмне болуп кетип калдыңыз?

- Иорданияда бизнеске кызыгып, окуумду ошол жактан улантайын дегем. Мектепти бүткөндөн кийин окуу башталганча Америкадагы туугандарга барып турайын деп чечтим. АКШдагы кыргыздардын көбү IT тармагы менен алектенишет экен. Ошол убакта бир досум Кипрге окууга жөнөп жаткан экен. Азыр да кеч эмес дегенинен аны менен чогуу кеттим. Ал жакта окуумду убагынан эрте бүтүрүп АКШнын Калифорния штатына тажрыйба алмашуу үчүн бардым.

- Эмнеге Кыргыз өлкөсүнө келе бердиңиз?

- Бирөөгө баш ийгим келчү эмес. АКШда калып калууга мүмкүнчүлүктөр көп болчу. А бул жакта көп тармактар бош. Аларды жаңыдан жасоо керек. Ошондуктан абдан кызыктуу. Биринчиден, өзүңө, өлкөңө иштейсиң. КМШ өлкөлөрүндө IT тармагы дагы деле жакшы өнүгө элек. Ошондуктан бул тармакта Кыргыз өлкөсүнүн потенциалы чоң. Биз IT продуктуларды жасап, экспортко чыгарсак болот. Бул физикалык нерсе эмес, бирок аябай кымбат турат.

- Окуучулар үчүн маалымат берүүчү IT компаниясын ачкан экенсиз. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?

- Өлкөнүн алыскы аймактарына маалымат жетпей калат. Чет өлкөгө окууга тапшырса оңой эле өтүп кете турган балдар, кыздар бар. Багыт көрсөтүүчү эч ким жок. Кыргызча маалыматтар да аз. Маалымат теңсиздигин жоёлу деп атайын тиркеме жасадык. Окуучулар үчүн маалымат берүүчү баракчалар көп. Бирок биз жасаган Hello тиркемеси ар тараптуу. Ал жакта кыргызча курстар, мотивация берүүчү видеолор, сабактар, электрондук китептер бар. Жаңылык порталында болсо окуучулар үчүн пайдалуу маалыматтар, ийгиликтүү кишилер менен маектер, чет өлкөгө окуу үчүн гранттар тууралуу жаңылыктар чыгып турат. Андан сырткары башка тармактагылар үчүн кошумча функциялар бар. Мисалы, аймактар боюнча маалыматнаама иштелип жатат. Тагыраагы бул карта сыяктуу. Бирок ал жакта маалымат кенен болот жана бүт Кыргыз өлкөсүн камтыйт. Таластагы бардык политклиниканын дареги, ишеним телефону, электрондук кезек сыяктуу маалыматтар топтолот. Башында өзүм эле иштесемби деп ойлоп жаткам. Бирок бир байке инвестор болуп берди. Ошондуктан командабыз кеңейди. Бул долбоор мектеп окуучулары үчүн пайдалуу жана келечеги кең деп ишенем.

- Программист дегенде көз айнек тагынган, көп окуган бирөө көз алдыбызга келет эмеспи. Силер бош убакта эмне менен алектенесиңер?

- Көп программисттер тескерисинче активдүү болушат. Көбү спорт менен алектенишет. Мен өзүм футбол, теннис ойнойм, чуркап турам. Азыр марафонго катышайын деп даярданып жүргөн кезим. Ошондой эле бизнеске кызыгып, ал жактагы маалыматтардан кабардар болуп турам.

- Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эмне деген кеңеш берет элеңиз?

- Кесипти реалдуу көз караш менен тандоо керек. Алар жаш, ар кимди көрүп "ушундай болсом деп кыялдангысы келет". Ар бири өзүн анализ кылып чыгышы керек. Кандай жөндөмдөрү бар? Дарыгер болгусу келген бүтүрүүчү өзүн ошол тармакта иштеп жатканын элестетип көрсүн. Бизде да сапатка көңүл бурула баштады. Кылган ишинен ырахат ала турган кесип тандаган жакшы. Бирок ошентсе да кесип алмаштыруудан коркпош керек. Анткени эч качан кеч эмес. Чектөө койбой, ар тармактан өзүн сынап көрсө да болот. Бирок өзүңдү канчалык эрте тапсаң ошончолук жакшы. Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аз болуп калса, көп кабатыр болбой башка жолдорду карап көргүлө. Эч качан токтоп калбай өнүгүүнүн үстүндө болуш керек.

- Сиз кимдерден үлгү, мотивация алып турасыз?

- Мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков жаштарга окугула деп мотивация берип келет. Айыл жергесине барып бекер семинарларды өтүп жүрөт. Ошондой эле Зарылбек Нышан уулу "Секомду" ачкан киши. Билимге колдоо көрсөткөн бизнесмен. Ар дайым жаш ишкерлерди колдоп турат. Эсен Ниязов АКШда окуп, иштеп келип, бул жакта курс ачты. Программалоону кыргызча жаңыча методдор менен окутушат. Аягына чейин чыгарышат. Ал кишилер менен жарым саат сүйлөшсөм көңүлүм ток болуп, шыктанып калам.

- Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

- Атам менен апам Лейлекте, айылда жашашат. Атамдын кесиби бухгалтер, 10 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Апам айылдагы мектепте химия мугалими болуп эмгектенет. Ата-эненин баланы колдоп, ишенип турганы - эң чоң мотивация. Окуудагы жетишкендиктериме ата-энемдин салымы абдан зор. Апам алыс жакка жөнөп калганымда бир аз кабатыр болот. Атам ар дайым колдоп турат. 4 бир тууганбыз. Иним медициналык академияда окуйт. Эки карындашым бар. Аларга шык болсун деп барган жерлеримди сүрөткө тартып жөнөтүп турам.

- Маегиңизге рахмат, ийгилик!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kaysarym
2021-06-02 08:19:17
Азаматсыз
+1
Alfiya
2021-06-02 09:13:31
Ишине ийгилик.Тиркеменин аты эмне деп аталат?
+3
samsungc3
2021-06-02 12:11:11
Alfiya,HELLO
+1
Aibek_eka
2021-06-02 11:53:52
Иштерине иийгилик азаматсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан