Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 21-майда старт алган Азия чемпиондугунда 4 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпиондук Дубайда өтүп жатат, ал 1-июнда жыйынтыкталат.
Жеңишке жеткен мушкерлер:
Азат Усеналиев (52 кг );
Акылбек Эсенбек уулу (57 кг);
Эркин Адылбек уулу ( 81 кг);
Рустам Ырысбек уулу (91 кг).