Бүгүн, 31-майга карата Бишкек шаарында жайгашкан ооруканаларда коронавирус илдети менен жабыркагандар үчүн 302 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Төмөнкү ооруканаларда бош орундар бар:
Улуттук хирургия борбору - 2;
Республикалык инфекциялык оорукана - 20;
№2 клиникалык төрөт үйү - 9;
Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь - 87;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 19;
Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 16;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 65;
Улуттук онкология жана гематология борбору - 8;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 27;
Улуттук госпиталь: Урология корпусу - 8;
Республикалык наркология борбору - 32;
Улуттук фтизиатрия борбору - 17;
Улуттук госпиталь - 8.