Бүгүн, 6-апрелде саат 10:00гө карата саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 69га көбөйүп, жалпы сан 216 адамга жетип калганын билдирди. Жаңы катталгандардын баары обсервацияда жаткандар экенин кошумчалап өттү.
"Кечээги тест-системдердин иштегенинин белгиси болуп турат. Ошондон улам коронавирус аныкталгандардын саны кескин жогорулап кеткени байкалды. Бүгүнкү күндө тест-системдер жетиштүү", - деди министр.
3-апрелде жаңы дайындалган министр биринчи жолу өткөргөн брифингде дээрлик ар бир экинчи адамдын анализи тест-системдин тартыштыгынан чыкпай турганын ачык айткан. "Лабораторияга изилдөө үчүн 17 миң 911 кишиден анализге материалдар келген. Анын ичинен 9 миң 730у аныкталып, алардын ичинен 130унан коронавирус чыкса, калган 9 миң 600үнөн илдет чыккан эмес. Ал эми 8 миң 188и тест-системдин жетишсиздигинен консервацияланып, лабораторияда сакталып турат", - деген Сабиржан Абдикаримов.
Кечээ, 5-апрелде "Лабораторияга изилдөө үчүн 18 миң 555 кишиден анализге материалдар келген. 8 миң 429у тоңдурулган. Анын ичинен 10 миң 257си аныкталып, алардын ичинен 147синен коронавирус чыкса, калган 10 миң 100ү таза чыккан. Тест-системдердин маселеси чечилди" деген министр.