Депутаттар "Кумтөр" келишимдеринен бир тараптуу чыгууну сунуштоодо
Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча парламент токтомунун 2 пунктунун 1-бөлүгү (кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү) жана айрым депутаттар демилгелеген үлүш боюнча эч кандай чек койбоо сунушу добушка коюлуп, колдоо таппады. Мындан кийин түшүнүксүз жагдай пайда болуп, депутаттар мындан ары эмне кылуу керектиги боюнча талаш-тартышка өтүштү. Депутат Улукбек Кочкоров буга чейинки "Кумтөр" келишимдеринен бир тараптуу чыгуу боюнча чечим кабыл алуу керектигин айтты. Добуш берүүдө айрым депутаттар билбей туура эмес добуш берип алгандыгы үчүн токтомдун 2-пункту боюнча кайрадан добуш берүү сунушу да айтылды. Бирок бир жыйынтык чыга элек. Учурда депутаттар танаписке чыгышты.