Кыргыз спортчусу кикбоксинг боюнча Европанын ачык чемпиондугунда байгелүү орунду жеңип алды. Бул тууралуу "Гермес Профи" спорт клубунун машыктыруучусу Эрик Воинов билдирди.
Маалым болгондой, мелдеш Хорватиянын Карловац шаарында өттү. Спортчу Шабдан Молдокматов алтын медалга ээ болуп, Европанын чемпиону аталды.
"Молдокматов колдоо көрсөткөн машыктыруучуларына, өзү тарбияланган спорт клубуна ыраазычылык билдирди", - деди Воинов.