ОшТУнун аскердик факультетинде Баткен окуясынын 14 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 23-октябрда Ош технологиялык университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетинде Баткен коогалаңынын 14 жылдыгына карата иш- чара өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин жакын туугандары жана катышуучулар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары  катышты. Алгач, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин арбагына куран түшүрүлүп, эскерүү болду. Мындан сырткары аскердик факультеттин кызматкерлерине жана андагы билим алышкан курсанттарга окуу жайдын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан