Бакыт Аманбаев Орусия акыйкатчысына кыргыз мигранттарына колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Орусия Федерациясындагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Владимир Лукинге кыргыз мигранттарына колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу 23-октябрда акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Орусия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Орусиядагы эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча жасаган аракеттерин токтотууга жардам берүүнү суранышкан. Анда  "Орусиялык укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарына карата "ойлоп чыгарылган кылмыш иштерине" бөгөт коюуга көмөк көрсөтүү" өтүнүчү айтылган. "Эл аралык макулдашуунун негизинде Орусиянын мыйзамындагы адам укуктарынын бузулушуна кабылган кыргыз жарандарына көңүл бурууңузду суранам",- деп белгилейт кайрылуусунда акыйкатчы Бакыт Аманбаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан