Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин камакка алынды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 31-майындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Т.Зулпукаровго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 31-июль күнүнө чейин тандалды жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп жазылат билдирүүдө.
Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча кечээ, 31-майда УКМКда сурак бергенин айрым маалымат каражаттары жазган.