Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 8-ноябрь күнү Ташчайнар деген ат менен таанылган Нурлан Алишеровдун "Ташчайнар талантын тартуулайт" аттуу концерти өтөт. Алишеровдун айтымында, концерт Кожомкул балбандын 125 жылдыгына карата өткөрүлөт. “Жакында Кожомкул атабыз аян берген. Ошондон улам Кожомкул атабыздын аты өчпөсүн, эл ичинде дагы эскерилсин деген максатта бул маданий иш-чараны уюштуруп жатам. Мен өз атымды жайылтуу же башка максатым жок. Азыркы жаш муундардын залкар инсандарыбыздын ким экенин билбегени өкүндүрөт”,-дейт Ташчайнар. Концертте ак таңдай акындар, ырчылар жана Нурлан Алишеровдун шакирттери өз өнөрлөрүн элге тартуулашат.