Карыяны видеого тарткан жарандардын аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеого тарткан Кочкор районунун 1993-жылы туулган Ж.А. жана 1994-жылы туулган М.М. аттуу тургундары экендиги аныкталган.
"Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ошол эле күнү жогорудагы жарандар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Бүгүнкү күндө Кочкор РИИБи тарабынан бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-беренеси "адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.
Окуянын чоо-жайы:
Социалдык тармактарда карыя кишини эки адам унаага салып алып "Колу-бутун байлап, сууга салып жиберели, мүшөк кийгизип коёлу. Мүрзө жактан өлтүрүп көмүп салалы" деген видео тараган. Анда карыя кишинин кыйкырып ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Кийин Нарын облустук милициясы видеого тарткан жарандардын аты-жөнү такталып, кармалганын билдиришкен.
SUPER.KG порталына аталган карыянын бир тууганы Айнура Мамытова 67 жаштагы агасы экинчи топтогу майып экенин билдирген.